Сүйүн Откеев, режиссёр: “Тарыхтын бир тыйынча пайдасы жок, эгерде…”

Режиссёр  Сүйүн Откеев өзүнүн жеке баракчасына пикир жазып, айрым Европаны жек көргөндөрдү сынады:

(өзгөртүүсүз беребиз)

“Кыргызстанда бир коркунучтуу оору бар. “Көрө албастык” деген оору. Бул оору короновирустан да күчтүү оору. Короновирус эртең-бүрсүгүнү кетет а тиги оору оңойчулук менен кетпейт кыргыздардан. Муну мен өзүм эс тарткандан бери байкап келем, менимче силер да айланаңарда көрүп жүрөсүңөр. Анда “свежий” бир мисал келтирейин. Кечээ түндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө адамдар асманда катар тизилген жылдыз сыяктуу нерселерди көрүштү. Ар ким ар кандай божомолдоду. Алланын жылдыздары дегени болду, кыямат кайым келатабы дегени болду, тообо деп таң калганы болду кыскасы бир сыйра таң калып чыктык. Ал деген чындыгында Илон Масктын “SpaceX” компаниясы учурган 60 спутник болчу. Ошону кечээ бираз кененирээк жаздым эле. Ошол жерде да батышты жамандаганга үлгүрүштү. Адамзатты башкарганы жатышат, башына чип такканы жатышат, Аллах бизге жетет башкага ишенбеш керек, көңүл бурбаш керек деп. Негизи мындан башка дагы толтура ушундай хейтерлер, пессимисттер үйүрлөгөн учурлар кездешет. Бүгүнкү постум атайын ошондой ойлогон адамдарга арналат.

Биз батышты канчалык жамандасак да, көрө албасак да, кызгансак да аларга эч кандай таасир бере албайбыз. Тескерисинче алар биздин жашообузга түз таасирин тийгизип келатышат. Биз муну кабыл алышыбыз керек. Аларды жаман көргөндүн ордуна аларга суктанышыбыз керек, алардан бир нерселерди үйрөнүүгө аракет кылышыбыз керек. Алардын өлкөлөрүнө балдарыбызды жиберип окутушубуз керек. Алардын илиминен, билиминен бир нерселерди үйрөнүп калууга аракет кылышыбыз керек. Биякта отуруп алып жаман көргөндүн кымындай да пайдасы жок. Болгондо да АЛАР ТАПКАН фейсбукта отуруп алып кайра тигилерди жамандайбыз. Алар жасаган самолетто учабыз, алар чыгарган машинаны айдайбыз, алар чыгарган телефонду колдонобуз, алар чыгарган календарды колдонобуз, алар чыгарган финансылык системалар менен жашайбыз, алар чыгарган дарыларды ичип айыгабыз, алар чыгарган телевизор, компьютерлерди колдонобуз, алардын бизнеспланы менен фирма ачып үй-бүлөбүздү багып атабыз, алар чыгарган интернетти карантинде эрмек кылып отурабыз. Кыскасы жашообузда бардык колдонгон нерселерибиз алардыкы анан жаман көргөнүбүз да алар.

Кээ бирлери Аллах таап атат буларды, алар эч нерсе кылган жок деген шылтоо таап алышыптыр. Ушундай караңгы адамдар да бар экен тилекке каршы. Анда эмнеге Аллах мындай нерселерди азыркы мусулмандарга бербейт. Эмнеге мусулмандар GOOGLE ду тапкан жок, Амазонду тапкан жок, SpaceXти тапкан жок. Биз Аллага ишенебиз го, анда бизге таптырбайбы ушундай нерселерди… Кеп динде эмес. Динди жакшы түшүнгөн адам минтип айтпайт. Ислам дини илимге каршы эмес, тескерисинче Куран “ОКУ” деген сөз менен башталат. Бир эле аят менен хадисти окуу эмес ал, физиканы оку, химияны оку, математиканы оку, илимдүү бол, билимдүү бол, интернетти сен ойлоп тап, спутникти сен ойлоп тап, марска сен уч, айга сен бар керек болсо дүйнөнү сен башкар деген сөз. Аллах да сен бирдеме кылсаң береби же үйүңдө отуруп алып “алма быш оозума түш” десең эле берип коебу. Динибиз тескерисинче ушунун баарын СЕН КЫЛ, СЕН ӨНҮК, СЕН КАРАҢГЫ БОЛБО деп атат. Башкалардын башына чип тагыш керек болсо СЕН ТАК ошону. Ошондой ЧИП жасап 7 миллиард адамдын башына Ислам динин киргизип кой. Мына Алланы адамзатка таанытуунун эң “оңой” жолу. Хорезмдик мусулман, улуу ойчул Абу Райхан Бируни БИРИНЧИ КЫЛЫМДА эле жердин өзүнүн огунда жанан күндүн айланасында айланганын далилдеген экен. Орто Азиялык окумуштуу Ахмад Ал Фаргани күндүн бетиндеги кара тактарды эң биринчи болуп аныктаган экен. Анын эмгектерин Европа 700 жыл бою колдонгон. Булардан башка дагы толтура мусулмандар илимге жана дүйнөлүк маданиятка өз салымдарын кошкон. Кыскасы нормальный мусулман адам илимге умтулган адам деп ойлойм. Куру ишенич менен оозун ачып отурган адам бир күнү ач калат.

Анан дагы “патриот” кыргыздар бар. Американы, Японияны, Европаны мактап койсоң эле болду, балээге калдың. Кыргыздар деле мындай кылган, кыргыздар деле тигиндей кылган деп кыргыздын тарыхын айтып отура беришет. Биз өзүбүздүн чакан тарыхыбызды айтып бүткүчө элдер Марска жетмей болушту. Тарыхты билген жакшы бирок ошол тарыхтан сабак алып азыркы жашоого КОЛДОНО АЛБАГАНДАН кийин ал тарыхыңдын бир тыйынчалык пайдасы жок. Мисалы Германияны карагыла. Азыр ал дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү мамлекеттердин бири. Булар биринчи дүйнөлүк согушта жер менен жексен болушкан. Болду түгөндү бүттү… дегичекти болбой эле 15 жылдан кийин КАЙРАДАН ӨНҮГҮП, 2-дүйнөлүк согушта Европаны кайрадан басып алды. Ал согушта да жеңилип, өлкө экиге бөлүнүп, кыйрап калды. Бул окуяда албетте Гитлердин “акмактыгы” чоң роль ойноду. Бирок азыр кеп Гитлерде эмес, немис калкынын иштермандыгында болуп атат, тарыхтан сабак ала билгендигинде болуп атат. Анан эмне болду… биз күткөндөй эле болду. Франция менен макулдашып ЭҢ КЫСКА убакта Европаны кайрадан бириктирип, дүйнөнү башкара башташты. А биз эмне болдук. СССР таркаганына 30 жыл болду, эгемендүү мамлекет болдук, ээн эркин жүрүп калдык, бирок канчалык өнүктүк… жообун өзүңөр билесиңер… ошон үчүн немистерге окшоп тарыхтан сабак алып, кайрадан өнүгүп кете албагандан кийин тарыхың менен мактансаң эмне мактанбасаң эмне… Биз өзүбүздү оңдосок анан мамлекетибиз оңолот. Ар ким өзүнөн башташ керек. Мамлекет сен экөөбүздөн куралат. Менимче тарыхы менен бир грек мактанса болот, бир египеттик арап мактанса болот, бир англис мактанса болот, бир француз мактанса болот, бир кодойгон кытай мактанса болот… Себеби алардын тарыхы да бай ошондой эле азыркы заманбап жашоого да өлкөлөрү таасирин тийгизип келатышат.

Кыскасы достор, өзүбүздүн колубуздан келбесе да жок дегенде башкасынын ийгилигине кубанганды үйрөнөлүчү, куттуктаганды үйрөнөлүчү, колун кармап азаматсың дегенди үйрөнөлүчү. Бул эң жөнөкөй адамдык сыпат жана милдет. Эч нерсе жоготпойбуз. Рахматын угабыз, ыраазычылыгын угабыз. “Көрө албастык” оорусун ушинтип ЭГОбузду тебелеп жеңбесек башка түрдүү жеңүү кыйын го дейм”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru