Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик катчы болуп дайындалды

Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Сүйүнбек Касмамбетов президенттин администрациясынын жетекчиси кызматынан бошотулду.

Мамлекеттик катчы кызматын буга чейин Чолпонбек Абыкеев ээлеп келген. Ал Жапаровдун дагы бир жарлыгына ылайык, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

Президенттин учурдагы кеңешчиси Равшанбек Сабиров ээлеген кызматынан бошотулду. Равшанбек Сабиров быйылкы парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен катышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru