народный

Сүлүктү: Чек арадан мыйзамсыз өткөн тажикстандык 11 жаран кармалды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап, иштеп жүргөн Тажикистандын 11 жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы кабарлады.

Кармалган тажикстандыктар Согд облусунун Жаббар Расулов районунун Коргончо айылынын тургундары.

“Алар белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн”деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Бул боюнча “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренесинде каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши катталып, кармалгандар тергөө абагына киргизилген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru