Сүлүктү шаарына жаңы мэр дайындалды

Максат Кадыркулов Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кадыркулов Максат Турганалиевич Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru