Сүлүктүдөгү мечиттен акча уурдаган жаран кармалды

2021-жылдын 19-февралынан 20-февралына караган түнү Сүлүктү шаарында жайгашкан “Нур-Вали” борбордук мечитинин эсепканасындагы темир сейфин белгисиз атуулдар бузуп, сейфтин ичиндеги  77000ден ашуун акчасын уурдап кетишкен.

Кылмышка шектелип,  мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24жаштагы К.Б.аттуу жаран кармалды.  Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлайт.

    Бул факты Сүлүктү ШИИБине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

     Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган жаран шаар аймагындагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап, жүргөндүгү аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.