народный

СҮРӨТ – “Атам зордуктады десем, апам ишенбей…”. Айтбекова көтөргөн маселе коомчулукту дүрбөттү

Белгилүү актриса жана алып баруучу Назира Айтбекова зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин анонимдүү каттарын жарыялады. Бул окуялар коомчулукта чоң резонанс жаратты.

– Эки күндөн бери ушундай каттарды окуй берип, жаман болдум. Ар бириңерди кучактадым! Кайдыгер болбойлу! Бири бирибизди коргойлу. Фейсбук баракчама тири укмуштуудай каттарыңарды жүктөдүм. Үнүңөрдү чыгаргыла! Коркпогула! Каршы тургула! ЖК ыдык көргөзгөндөргө, зомбулукка чара көрсүн!, – дейт Назира Айтбекова.

Актриса социалдык тармакка жарыялаган посттон кийин, жакындары жана коомчулук тарабынан зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерден келген каттар көбөйө баштаган.

Белгилей кетсек, Евробиримдик менен БУУнун “Теңдик нуру” биргелешкен демилгесинин колдоосунда социалдык ролик тартылып, учурда коомчулукта #Кайдыгерболбо деген Чакырык (Challenge) жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru