народный

Сабырбек Жумабеков айрымдарды саламаттыкты сактоо министрин сындабоого чакырды, себеби…

 Профессор Сабырбек Жумабеков  саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди азыр сындай турган убак эмес экенин айтып, элди сабырдуулукка чакырды.

Урматтуу фейсбукчулар!!!

Акыркы убакта,мамлекетибизде болуп аткан жагдайда биздин Саламаттыкты сактоо министирибиздин атынына ар кандай критикалык сөздөрдүн айтылып атканы боюна өзүмдүн оюмду калыс ирээтинде айткым келди.

Биздин министр азыраак сүйлөп, өзүнүн жасаган иштерин пияр кылбай, азыркы учурдагы баардык уюштуруу иштерин колго алып, өзү башкарып, күн-түн дебей элибиздин ден-соолугунун аманчылыгын сактоодо баарыбыздын (медиктердин) алдыбызда турган мыкты жетекчибиз десем жаңылбаймын.

Тажырыйбасы мол, илими бийик (медицина илимдеринин доктору, профессор),системаны жакшы билген, реформатор десем болот.

Азыркы учурда баарыбыз системаны колдоп,жакшы жагымдуу сөздөрдү айтып, күч дем бирип турсак достор.

Түшүнгөнүңүздөргө чооң рахмат!!

Баарыңыздарга ден-соолук  каалайм.!!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru