Садык Шер-Нияз жаңы Конституциянын өзгөртүүлөрү боюнча пикирин билдирди

“Менимче депутаттар кол коюп жатканда эмнеге кол койгонун билбей калышкан го.   Өзгөртүлгөн баш мыйзамды карап чыктым. Бул Конституция өлкөнү 20-30 жыл артка кетире турган беренелер бар экен.  Көптөгөн бири-бирине дал келбеген, жолтоо боло турган механимздер жүрөт.  Мисалы элдик курултай боюнча жүрөт. Азыр чын эле Жогорку Кеңешти эл шайласа аны неге башка орган көзөмөлдөш керек. Элдик курултай кандай система менен жыйналат. Эгерде Жогорку Кеңеш ага отчет бере турган болсо, отчету жакпай калса эмне болот. 5 жылга шайланган Жогорку Кеңешти дагы кандай орган көзөмөл кыла алат. Бул мыйзам чыгаруу органынын үстүнөн көзөмөл кылуу тоталитаризмдин,  диктатуранын механизми болуп калат. Бул деген президент баардык башкарууну өзүнө алат деген сөз.  Сот боюнча таптакыр эч нерсе жок. Бул Түркменистандын Конституциясынан ашып түштү ”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru