Садыр Жапаров өзүн Исхак Раззаковго окшоштурду

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусундагы иш сапары учурунда өзүн мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковго салыштырды. Ал өз сөзүндө:

“Раззаков менен мени байланыштырган себеп бар. Анын принциби мага туура келет. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот”. Бул сөздү 70 жыл каалагандай колдондук. Эл баарынан улук. Элибиз, мамлекетибиздин өнүгүшүндө коррупция менен күрөшкө суусап турат. Максатым – элди коррупциядан арылтуу. Баткен элинин абалы, чек арадагы кырдаал менин көңүл чордонумда дайым болот”, – деп билдирди  президенттин милдетин аткаруучу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru