Садыр Жапаров аймактарды кыдырууну улантууда. Бүгүн Нарынга иш сапары менен барат

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна иш сапары менен барат.

Мамлекет башчысынын аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал социалдык объектилердин иши менен таанышып, Жогорку Нарын ГЭС каскадына барат, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн турак жай комплексинин салтанаттуу ачылышына катышат. Садыр Жапаров облустун активисттери жана коомчулугу менен жолугушат.

Ал буга чейин Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru