народный

Садыр Жапаров Акүйдү оңдоого канча сом келээрин айтты

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров митинг убагында талкаланган Акүйгө канча чыгым кете турганын айтты.

“Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат. Аны Ак үйдүн чыгымы экен деп адашып айтып жатышат.  Аталган имаратты оңдоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыккам, 10 млн. сомго жетпеген каражат кетет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт”,-дейт ал.

Андан мурда 450 миллион сом акча каражаты сарпталат деген маалымат чыккан болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru