Садыр Жапаров Атамбаевдин үй камагына чыкканы туура экенин айтты
Премьер-министр Садыр Жапаров журналисттердин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы боюнча суроолоруна жооп берди.
Пресс-конференция учурунда өкмөт башчысы экс-мамлекет башчынын үй камагына чыгарылышына каршы эместигин билдирди. – Эгерде ал мага байланыштуу болсо, анда мен аны үй камагына чыгармакмын. Себеби ал жакшыбы же жаманбы, бирок мамлекетти 6 жыл башкарды. Менин оюмча, анын үйдө отурганы, сот процесстерине катышканы туура болмок. А эгер анын күнөөсү далилденсе, анда ал камакка алынат. Ал эми акыркы окуялар үчүн камакка алынды деген туура эмес, – деп жооп берди премьер-министр.