Садыр Жапаров: “Бакыт Сыдыков аэропортту жакшы билет экен, сол чөнтөккө кетип жаткан акчаларды аныктайт”-(ВИДЕО)


«Манас» аэропортунун жаңы жетекчиси Бактыбек Сыдыков аэропорттогу коррупциялык схемаларды түп-тамырынан бери жоюп, мындай схемалардан республиканын бюджетине акча түшүрүүнү убада кылды. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ала-Тоо 24 программасынын эфиринде билдирди.
«Айрым адамдар анын дайындалышына нааразы болушту. Мен аны жолугушууга чакырдым, биз аны менен сүйлөштүк. Ал ушул убакыт аралыгында аэропорттогу коррупциялык схемаларды жоюу боюнча иш планын сунушташы үчүн 10 күн сурады. Ал буга чейин ошол жерде иштеп келген жана бул схемаларды жакшы билет. Ал 10 күндүн ичинде бюджетке белгилүү бир сумманы кайтарып берип, аэропортту өнүктүрүү программасын берем деди ”, – деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.
Бактыбек Сыдыков – буга чейин аэропортту башкарган жана 2007-2010-жылдары «МАМ» ААКнын башкармалыгынын төрагасы болгон.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru