Садыр Жапаров дипломаттарды Кыргызстандын жаңы өкмөтү легитимдүү деп ишендирүүдө

Кыргызстанда коомдук жана саясий кырдаал турукташты. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн өлкөдө  аккредитациялык каттоодон өткөн дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Садыр Жапаров  бардык мамлекеттик органдар укуктук талаада иштеп жатышкандыгын белгиледи.

«Өлкөдөгү окуялар адилетсиз шайлоонун натыйжасы. Бүгүнкү күндө коомдук-саясий кырдаал толугу менен турукташты. Буга чейинки 2005 жана 2010-жылдардагы ыңкылаптардан кийин өлкө укуктук талаага чыга албай калганы эч кимге жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бийлиги легитимдүү жана мамлекеттик органдар иштеп жатат », – деди ал.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстан бардык эл аралык милдеттенмелерди сактайт жана бардык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкты уланта берет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru