народный

Садыр Жапаров: “Тынчтык митингине чагымчылдар аралашып кетти, тарапташтарыма кайрылам. Чыкпагыла”

Садыр Жапаров кыргыз элине чукул кайрылуу жолдоду
Камактагы саясатчы Садыр Жапаров кыргыз элине чукул кайрылуу жолдоду. Мындай кайрылууну анын адвокаттары таратты. С. Жапаров өз кайрылуусунда учурда Кыргызстанга ызы-чуунун кереги жок экенин белгилеп, 2-мартка пландалган митингге өз тарапташтарын чыкпоону суранган. Биз төмөндө С. Жапаровдун адвокаттары тараткан саясатчынын кайрылуусун өзгөртүүсүз сунуш кылабыз.
Урматтуу кыргызстандыктар, менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө: Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым 2-март күнү Бишкек шаарында жалпы республикабыздын баардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат. Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасаймын. Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстаныбызга ызы-чуунун кереги жок. Мага жеткизген маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Ошондуктан, мен үчүн чыкпай эле коюңуздар деп тарапташтарымдан суранып кетет элем.
Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Урматым менен С.Жапаров.
1-март, 2020-жыл.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru