Садыр Жапаров: “ Электр энергиясын колдонуудагы баардык чектөөлөр алынат”

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусунда социалдык объектилерди кыдырып чыккандан кийин,  Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Нарын шаарынын тургундары электр энергиясынын өчүрүлүшүнө нааразы болушту. Садыр Жапаров 2021-жылдын жазында электр энергиясын колдонууга болгон бардык чектөөлөр алынат деп убада кылды.

«Силер  30 жыл чыдадыңар, дагы бир кыш  чыдагыла. Жаздан тарта эч кандай чектөө болбойт. Электр энергиясына болгон тариф мурдагы бойдон калат ”, – деп убада берди. Эскерте кетсек, азыр Кыргызстанда Токтогул суу сактагычында суунун аз мезгили болуп жатат. Буга байланыштуу өкмөт Казакстандан 500 миллион киловатт-саат сатып алууну көздөп жатат

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru