народный

Садыр Жапаров: « Кеңешбек Дүйшөбаевдин бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок»

Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде Коопсуздук Кеңешине дайындоолордун айланасындагы кырдаалга токтолду. «Кеңешбек Дүйшөбаев пенсия курагындагы адам. Экинчиден, анын бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу жок болчу деп ойлойм. Ал 2010-жылдагы апрель жана июнь окуялары үчүн жооп бериши керек. Анда ал УКМКны жетектеп, тиешелүү чараларды көргөн эмес. Бул иш иликтенет. Бул адам жооп бериш керек, анан кантип ал Коопсуздук Кеңешинин башында отурат? «- деди Жапаров. Эске салсак, Кеңешбек Дүйшөбаев эки жумага жетпеген убакыт бою Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеген, Дуйшөбаевди бул кызматка Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында дайындаган. Жакында белгилүү болгондой президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров анын ордуна Рыскелди Мусаевди дайындаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru