Садыр Жапаров кечээки кыргыз тажик чек арасындагы кагылышуу боюнча оюн билдирди

Президенттин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруу чаралары талкууланды. МЧКнын башчысы 25-октябрда болгон Баткен облусунун Баткен районундагы Үч-Дөбө айылында болгон окуя боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык , Тажикстандын жарандары чек аранын талаштуу бөлүгүнө суу түтүктөрүн тарта башташты. Тажикстандын жарандары Кыргызстандын чек арачыларынын жумушту токтотуу боюнча бир нече жолку талаптарына баш ийишкен жок, натыйжада кыргыз тараптан асманга 2 жолу ок атты. Учурда иш токтоп, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин тынчтык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Чечилбеген көйгөйлөр жок. Бардык маселе тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет ”, – деп баса белгиледи ал. Садыр Жапаров ошондой эле коңшу мамлекеттер менен болгон чек ара чатактарын тез арада чечүү зарылдыгын белгиледи. Чек ара маселелери боюнча бардык көйгөйлөр менен таанышуу максатында жакында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына көп күндүк жумуш сапар менен барарын баса белгиледи. «Келечекте ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн, бул маселенин чечилишин кечеңдете албайбыз. Чек ара аймактарынын жашоочулары тынчтык жана туруктуулуктун атмосферасында жашоосу керек ”, – деп баса белгиледи Жапаров.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru