Садыр Жапаров Москвада өтө турган ЖККУ юбилейлик саммитине катышат

16-майда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) юбилейлик саммити өтөт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдирди.

– 16-майда ЖККУнун 30 жылдыгына карата Москвада уюмга мүчө мамлекеттердин саммити өтөт. Бул лидерлердин жолугушуусу да, алардын жумушчу эртең мененки тамак форматындагы өзүнчө баарлашуусу да болот, – деди Песков.

Кыргыз президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаров Москва шаарында өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин саммитине катышарын билдирди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүн кабыл алуу күтүлүүдө.

Ошондой эле, иш-чаранын аягында ЖККУнун баш катчысы Станислав Зас менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасаарын кошумчалады. Армения азыр уюмга төрагалык кылат.

ЖККУ – эл аралык коопсуздук уюму, анын курамына учурда алты мамлекет кирет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru