Садыр Жапаров: “Мурдагы ички тышкы саясаттар кандай болсо ошондой улантам”

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

«Бүгүн тарыхый учурга күбө болуп жатасыздар. 5-6-октябрда болгон окуяларда турукташтырууга аракеттерди жасабай, ар кимибиз үйдө жатып алганда бүгүн минтип сиздер менен отурбайт элек. Кудайга тобо, эч кандай мародерчулукка, басып алууларга алып барбай, мамлекетте үчүнчү жолу төңкөрүш болду деген сөздү калтырбай, ушундай тычтык жолу менен, мыйзамдуу жол менен бийлик алмашып жатканына миң мертебе ыраазы болушубуз керек. Мындан ары мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга, ички жана сырткы саясатка, мурда кандай келе жатса ошондой улантууга күч-аракетимди жумшайм», – деди Жапаров.

Leave A Reply

Your email address will not be published.