Садыр Жапаров: “Президенттик шайлоо блокчейн технологиясы боюнча өтөт”

Кыргызстандагы президенттик шайлоо блокчейн технологиясы менен өтөт. Бул тууралуу пресс-конференцияда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул система Борбордук шайлоо комиссиясынын ролун аткарат.
«Шайлоолор ачык-айкын, таза өтүшү керек. Буга чейин анын айынан үч революция болуп өттү. Мындан сабак алышыбыз керек. Эгерде административдик ресурс же добуштарды сатып алуу фактысы бар болсо, ал жалпыга маалымдоо каражаттарына же социалдык тармактарга жарыяланууга тийиш. Биз текшеребиз жана жазалайбыз. Эгер блокчейн системасы ийгиликтүү ишке ашса, анда кийинки парламенттик шайлоо ушул технологияны колдонуу менен өткөрүлөт. Мында добуштарды бурмалоого жол берилбейт», – деди Садыр Жапаров.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru