Садыр Жапаров президенттик шайлоого бараар барбасы жөнүндө билдирди

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Россия 24” телеканалына берген маегинде президенттик шайлоого катышуу шартын атады.

Өлкөнүн учурдагы мыйзамдарына ылайык, республиканын башчысынын милдетин аткаруучу адам шайлоого катыша албайт.

“Учурда парламент парламенттик жана президенттик шайлоолор боюнча мыйзамдарга түзөтүүлөрдү даярдап жатат. Эгерде ушул өзгөртүүлөрдүн натыйжасында мыйзамга шайлоого катышууга уруксат берилсе, мен барам. Бирок бул тууралуу айтууга эрте, бул маселе боюнча чечим кабыл алына элек”, – деди Жапаров.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru