Садыр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарынан 14-ноябрга чейин баш тартат

Садыр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарынан 14-ноябрга чейин баш тартат. Бул тууралуу ал Регион ТВ берген маегинде билдирди. «Учурдагы мыйзамга ылайык, президенттин милдетин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албайт. Ошондуктан мен өз ыйгарым укуктарымды өткөрүп берип анан катыша алам. 14-ноябрга чейин ыйгарым укуктарымды тапшырам», – деди Жапаров. Жапаров премьер-министрликтен качан кетээрин так айткан жок. Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru