Садыр Жапаров Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүсүн суранды

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумунда Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга туруктуулук каалады.

2021-жылдын башында шайлоону таза жана атаандаштык менен өткөрүү үчүн күчтүү саясий эркти жарыялаган Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун сөзүнө Владимир  Путин жооп берди: “Сиз айткан стабилдүүлүк узак мөөнөттүү, туруктуу болушун жана  экономиканын өнүгүшүнө пайдалуу болушун чын жүрөктөн каалайбыз.”

Путин белгилегендей, саясаттагы туруктуу кырдаал болбосо, экономикадагы жана социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес.

Жапаров Путинден аны менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүн суранды, Путин жакын арада ага чалам деп айтты.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru