Садыр Жапаров шайлоо босогосун төмөндөтүү, күрөөнү азайтуу боюнча мыйзамга кол койду

Кыргызстандын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ” конституциялык Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган.

Бул конституциялык мыйзам парламенттеги саясий партиялардын шайлоо босогосун жана шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү аркылуу жарандардын кызыкчылыгын коргогон саясий күчтөрдүн өкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук чөйрөнү түзүү максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган Мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– Кыргыз Республикасынын аймагындагы шайлоо дарегин өзгөртүү ниети жөнүндө жарандардан арыз алуу токтотулат (2-форма). Формага  2 менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган шайлоочулар гана добуш бере алышат;

– Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 1 пайыздан кем эмес добушун алган саясий партияларга, президенттикке талапкерлерге   шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет (мурда 5% дан кем эмес болгон);

– Шайлоо күрөөсү  5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин төмөндөтүлдү;

– шайлоо босогосу 7% дан 3% га төмөндөтүлдү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru