Садыр Жапаров тамак аш камсыз кылып берүүнү өтүнгөн дарыгерге жооп берди

Садыр Жапаров дарыгерлерди кечки тамак менен камсыз кылуу өтүнүчүнө жооп берди. Бул тууралуу № 17 ҮМБнын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова Facebook баракчасына жазды. «Азыр эле менин мобилдик бригадалар тууралуу постума президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров жооп берди. Биз буга чейин сүйлөшкөндөй эле, эми байкоо жүргүзгөн мобилдик топторубузга ысык тамак, витаминдер жана жемиштер берилет. Урматтуу саламаттыкты сактоо кызматкерлери, күч жана ден-соолукка ээ болуңуз! Дарыгерлердин колдоосу үчүн чоң рахмат!»,- деди Ташибекова. Буга чейин № 17 ҮМБнын башкы дарыгери ыктыярчылардан жана кызыкдар жарандардан мобилдик топтордун дарыгерлерине кечки тамак уюштурууну суранган. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо кызматкерлерине түшкү тамак берилет, ал эми кечки тамакты өздөрү сатып алышы керек, айрымдарын туугандары алып келишет.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru