Садыр Жапаров: Текебаевге болгон кол салууга бийликтин тиешеси жок

Бүгүн, 3-декабрда, президенти Садыр Жапаровдун aryba.kg сайтына берген кыскача маеги жарыяланды. Анда мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу тууралуу өз пикирин билдирген.

“Шайлоо жакшы өттү. Бул менин баам эмес. Биринчи кезекте көпчүлүк элдин баасы. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык байкоочулардын баасы. КМШ, Европа, ШКУ, Түрк дүйнөсү, Араб өлкөлөрү жана Америка өлкөлөрүнөн келген 800гө жакын байкоочулар катышышты. “Шайлоолор эң жогорку деңгээлде өттү”, – деп өз бааларын беришти. Баары шайлоо калыс өткөнүн, добуштар уурдалбаганын, техника калп айтпасын жакшы билишет. Себеби, ошол эле өнүккөн мамлекеттер ушул техникалар боюнча бизден 50 жыл алдыга кеткен. Эгер чындап уурдалган болсо жакшы айтмак түгүл дүйнө жүзүнө дүңгүрөтө жарыялап чыгышмак. “Мына Кыргызстанда ушундай болду, добуштар уурдалды”, – деди өлкө башчы.

Ал эми, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу боюнча суроого да жооп берген.

“Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. “Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, “сен тажаттың” деп митингден кубалаганы келген элек” деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат “Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?” деп ойлодук эле. Текебаев болсо “бийликтин заказы” деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты”, – деген президент.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru