Садыр Жапаровдун митингине катышкан Атамбаевдин тарапташтары туура эмес иш кылышканын моюндарына алып, элден кечирим сурай башташты

2-мартта борбордук Ала-Тоо аянтында абакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүшкөн болчу. Анын уюштуруучулары митингди тынчтык жолу менен, эч кандай мыйзам бузууларга барбастан өткөрө тургандыктарын убада кылышкан. Бирок, митингдин аягы кызуу кандуу жаштардын Ак үйгө чабуулу, аялдардын Жогорку Кеңештин кызматкерлерине кол көтөрүүлөрү менен коштолгонун жалпы коомчулук көрдү.

Белгилей кете турган жагдай, мына ушул Садыр Жапаровдун митингинен пайдаланып, өздөрүнүн көмүскөдө катылган пландарын ишке ашырып алгылары келген да саясий күчтөр болду. Мисалы, абактагы мурдагы президент А. Атамбаевдин тарапташтары кырдаалды атайылап курчутууну көздөштү. Тээ өткөн жылдын июнь-июль-август айларында Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайында жүргөн аялдар да ушул митингде ызы-чуу салып жүрүштү. Алардын бири Мамыкеева Алчакан аттуу 70ке жашы таяп калган аял журналисттердин бирине интервью берип, ал Садыр Жапаров үчүн эмес, бийликти кетириш үчүн келгенин айткан болчу. Мына ушунун өзү эле АШАнын адамдары Садыр Жапаровдун митингин өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып калууну көздөшкөнүн билдирип турат. Эми ошол Алчакан эне өзүнүн жасаган ишине өкүнүп, жалпы элден кечирим сураган видеосу интернеттеги социалдык түйүндөргө таркады.

“Мен Мамыкеева Алчакан, 2-мартта кокусунан эле Ала-Тоо аянтына барып калдым. Ал жерде ары-бери басып жүрүп эки аялга жолугуп калдым. Ал аялдар менден “Сен эмнеге жүрөсүң?” деп сурады. Мен “кокусунан эле элдер чогулуп жатканынан келдим” дедим. Анан мен алардын эмнеге келгенин сурадым. Алар “Биз Садыр Жапаровго келген жокпуз. Биз Сооронбай Жээнбеков кетсин деп келдик” дешти.

Ошентип сүйлөп жатканда эле ары жактан бир бала чуркап келип эле микрофонун суна койду. Анан мен микрофон суна койгонунан тигилердин сөзүн сүйлөп эле өзүм да эмне сүйлөгөнүмдү билбей калдым. Ошолордун сөзүн коштоп койдум. Анан эми өлкөдө тынчтык, стабилдүүлүк болсо, бала-бакырабыз жакшы жашаса жакшы да. Эгер мен туура эмес сүйлөсөм, кыргыз элим мени кечирип койгула. Мен кээде сүйлөгөн сөзүмдү деле, ичкен тамагымды деле унутуп калам. Өзүм 70ке келип калдым. Кээде жоголуп кетсем үйдөгүлөрүм издейт мени. Анан бир убакта эсиме келип барып калам”, – деди ал.

Демек, Атамбаевдин технологдору өздөрүнүн максатын ишке ашыруу үчүн 70ке жашы таяган, үйүндө төрдүн көркү болуп отура турган энелерди да пайдаланып жатышканын түшүнсөк болот. Бир убакта Атамбаев өзүнүн оппоненттерин “аялдардын этегине жашынып жатышат” дечү эле, эми өзү эмне болуп жатат ошондо?

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru