Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапары менен бара турган күнү белгилүү болду

24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, лидерлер кызматташуунун келечегин жана интеграция маселелерин талкуулашат. Бул тууралуу РИА Новости басылмасына таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

«24-февралда Москвада иш сапардын алкагында, Путин менен Жапаровдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Эки тарап саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө орус-кыргыз кызматташтыгынын абалын жана андан аркы өнүгүү келечегин кароо, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат», – деп айтылат билдирүүдө.

15-февралда президент Садыр Жапаров аралыктан иштөөгө өткөнү маалым болгон.

Андан кийин Жапаровдун “Союздук байланыштар” деген макаласы жарыяланган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.