Шарабидин Токтосунов, Садыр Жапаровдун жактоочусу: “Садыр катты өз колу менен жазып берди”

Абактагы Садыр Жапаров жактоочусу аркылуу 2-марттагы митинг тууралуу кайрылуу кылды. Ал, тынчтык митингине чагымчыл күчтөр аралашып жатканына тынчсызданып, аны колдоп чыга турган тарапташтарын артка кайтууга чакырык жасады. Анын билдирүүсүн айрым тарапташтары чындыкка дал келбейт деп жаткан. Муну Жапаровдун жактоочусу ырастап, өз колу менен жазганын “коом.пресс” сайтына ырастады.

Шарабидин мырза, Садыр Жапаров абактан катты өз колу менен жазды беле?

— Ооба, өз колу менен жазып берди. Ал ызы-чууну такыр каалабайт. Эгерде митинг жалгыз Садырды бошоттуу үчүн болуп жатса, анда эч кандай уюштуруу иштеринин кереги жок деп айтты. Катты өз колу менен жазды. Журналисттерге мен бердим. Жалган нерсени таратмак белек. Ишенбегендер мени менен байланышсын, тастыктап берем. Баары мыйзам чегинде болот. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ийгиликттүү болот деп ишенем.

Баса, ызычуу болоорун, митинг пикеттер уюштурулуп, провокаторлор кошулуп жатканын кайдан билиптир. Абакта байланыш жок эмеспи?

-Ооба, байланыш жок. Бирок биз болуп жаткан окуяны айтып, маалыматтарды баарын жеткирип турабыз.

Бул чечимди жалгыз өзү кабыл алдыбы?

-Ооба, туугандары, биз менен дагы кеңешти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru