народный

Саламаттык сактоо министри болуп дайындалган Сабиржан Абдикаримовдун өмүр баяны

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович 1959-жылы 20-декабрында Ош​ облусунун Ноокат районуна караштуу Кыркол айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун санитардык врач адистиги боюнча аяктаган. 2011-жылы Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын саясый менеджмент адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:—​ 1981-1987- жылдары​ — Республикалык санитардык-эпидемиологиялык станциянын санитардык врачы;
—​ 1987-1993- жылдары​ — КР​ Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгында врач-инспектор;
—​ 1993-1997- жылдары​ — КР​ Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык башкармалыгынын начальниги;
—​ 1997-2007- жылдары​ — КР​ Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;
—​ 2007- 2010- жылдары​ — Мамлекеттик башкы санитардык врач, КР​ саламаттык сактоо министринин орун басары;
—​ 2010​ — КР​ саламаттык сактоо министри;—​ 2011-2012- жылдары​ — КР​ саламаттык сактоо министринин орун басары;
—​ 2012-2013- жылдары​ — КР​ Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин башкы директору;
—​ 2013-2016- жылдары​ — И.Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчы, окутуучу;
—​ 2016-2020- жылдары​ — КР​ Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борборунун директору;
—​ 2020-жылдын апрели​ — КР​ саламаттык сактоо министри. Медицина илимдеринин доктору. Мамлекеттик кызматтын II​ класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 2019-жылдан тарта Жогорку аттестациялык комиссиянын эксперттик кеңешинин мүчөсү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru