Саламаттык сактоо министри канча окуучудан коронавирус аныкталганын айтты

Ноябрь айынын 16 күнүндө мектеп жашындагы 157 баладан коронавирус тастыкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айында 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында жалпы 48 учур катталган, октябрь айында 6,5 эсеге жогору болуп, 315 учур катталган. 16-ноябрга карата 157 учур аныкталды.

«Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок, бардыгы үй- бүлө мүчөлөрүнөн жуктурушкан», — дейт министр.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru