Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарып иштеп, коронавирус жуктурган милиция кызматкеринин абалы кандай?

 

Коронавирус жуктурган милиция кызматкеринин оорусу жеңил түрдө өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Анын оорусу жеңил түрдө өтүп жатат. Анда оорунун белгилери байкалган жок. Аны менен чогуу иштеген, тыгыз байланышта болгондор бар. Алардын баары лабораториялык тестирлөөдөн өтүп, медициналык көзөмөлдө турушат”, – деди ал.

Анын айтымында, укук коргоо орган кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктурган башка учур жок.

“Азыр ошол бир учур болуп жатат. Ал менен 90го жакын адам байланышта болгон, чогуу иштеген 200дөй милиция кызматкер бар. Алардын баарын карап, көзөмөлгө алып жатабыз. Алардын арасында оору жуктургандар катталган жок”, – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru