Самара Каримованын баракчасына катталгандар 2 миллионго жетти, анын урматына концерт берет
Ырчы Самара Каримованын инстаграм баракчасына катталган күйөрмандарынын саны 2 миллионго жетти. Ырчы мындай маалыматты интернеттеги социалдык байланыш тармактары аркылуу сүйүнчүлөдү. Мунун урматына бүгүн, 31-мартта комуздун коштоосунда онлайн концерт берет. Ал, үйүндө отурган күйөрмандарынын көӊүлүн көтөрүүнү максат кылганын кошумчалаган.