народный

Samsung ийилчээк экрандуу арзан смартфон чыгарат

Түштүк Кореянын Samsung компаниясы бүктөлмө дисплейи бар смартфондун арзандатылган версиясын чыгарганы жатат. Жаңы смартфон жөнүндө маалыматты коомчулукка таанымал Росс Янг аттуу инсайдер өзүнүн Twitter баракчасына жазганын РИА Новости билдирди.

Алдын ала маалыматтарда, жаңы смартфон Galaxy Z Flip Lite деп аталат, башкача айтканда, ийкемдүү Z Flip моделинин капкакчасынын уландысы болот. Кызыгы, арзандатылган смартфон бүктөлмө болсо да, анын дисплейиндеги өтө жука айнек сакталган бойдон калат.
Жаңы модель качан чыгары, мүнөздөмөсү жана баасы жөнүндө маалымат айтыла элек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru