Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди

  Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жобосун жана башкаруу схемасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Буга катар төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

– Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндө жобо;

– Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы жөнүндө жобо;

– Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобо;

– Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо;

– Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын уставы;

– Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын уставы.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru