народный

Санкт – Петербург шаарындагы таксиден кыргыз жарандын сөөгү табылды

Дүйшөмбү күнү Санкт-Петербургдун Красногвардейский районунда такси унаасында өлтүрүлгөн адамдын денеси табылды. Анын жанындагы айдоочунун күбөлүгү 35 жаштагы кыргызстандыктын атында болгон. 78.ru сайтына укук коргоо органдарындагы булак билдиргендей, 26-октябрда таңкы саат бештерде эки аял нөөмөт бөлүмүнө кайрылышкан, алар «Швабский Домик» ресторанынын жанындагы унаа токтоочу жайда Новочеркасский проспектисиндеги №28 / 19 үйдө эркек киши башка адамды дубинка менен сабап, андан кийин аны «Такси Везёт» белгиси түшүрүлгөн боз түстөгү Hyundai унаасынын багажнигине жүктөп, окуя болгон жерден кетип калганын билдиришкен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, полиция кызматкерлери Hyundai Solarisти Косыгин проспектисиндеги №15 үйгө токтотушкан. Унаада мас абалдагы эркек менен аял болгон, алардын жанында күрөң түстөгү спорттук дубинка бар эле. Унаанын багажында зомбулук менен өлтүрүлгөн издери бар белгисиз адамдын сөөгү жаткан. Анын айдоочунун күбөлүгү 35 жаштагы кыргызстандыктын атына коюлган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru