Сапар Исаков чын эле чек арадан чыгып кетти беле? СДПК расмий үн катты
Издөөдө жүргөн экс-премьер-министр Кыргызстандын чек арасынан өткөн жок деген маалымат бар
Сапар Исаковдун тарапташтары жана туугандары анын кайда экендигин билишпейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси – Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, мурунку премьер-министрдин жанында эч кандай документтери болгон эмес.
“Биз Сапар Исаковдун жүргөн жерин билбейбиз” деди Жолдубаева. – Туугандары жана анын шериктери анын коопсуздугуна тынчсызданып жатышат. Анын жанында эч кандай документтер болгон эмес.