Сапар Исаков мамлекеттер аралык издөөгө алынды
Мурунку премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттер аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов дагы издөөгө алынгандыгы такталды. Жазадан качуу фактысы боюнча кылмыш иши мурда козголгон.
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоодон кийин баш калаада башаламандык болгон. 5-6-октябрга караган түнү митингчилер «Ак үйдү» басып алышып, өрттөп жиберишти. Ошол эле түнү экс-президент Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча тергөө жүрүп жаткандар, экс-премьер-министр Сапар Исаков жана парламенттин мурдагы депутаты Равшан Дженбеков түрмөдөн бошотулушту. Мындан тышкары, ошол эле түнү парламент депутаттары тарабынан жактырылган премьер-министр Садыр Жапаров колониядан бошотулду. «Үй-бүлөлүк себептерден улам жети күнгө» деген жазуу менен бошотулган Сапар Исаков менен Албек Ибраимов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 13-октябрда келиши керек болчу.