Сарайдын ичинен белгисиз аялдын денесин таап чыгышты

Кант шаарындагы сарай өрттөнүп, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын М.Күреңкеев көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен кароосуз калган сарайдын 30 чарчы метр аянты күйгөн. Сарайдан белгисиз аялдын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru