“Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин экс-башкы прокурору. Анын тушунда адам өлтүрүлүп, иттей көмүлгөн”. Карамушкина Сатыбалдиевдин жеңиши тууралуу

Депутат Ирина Карамушкина Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоодо талапкер Элмурза Сатыбалдиевдин жеңиши боюнча пикирин билдирди.

“Коркок, кекчил бийлик. Бакиевдердин тобу да дээрлик баары чогулуп калды. Элмурза Сатыбалдиев Курманбек Бакиевдин экс-башкы прокурору. Анын тушунда Медет Садыркулов өрттөлүп, журналисттер Алишер Саипов, Геннадий Павлюк өлтүрүлүп, итке окшоп көмүлгөн. Жусупжан Жээнбековдун уулун да баласын бала бакчага алып баргандан кийин өлтүрүп кетишти… Анан бир да иштин бетин ачкан жок. Эми Элмурза мыйзам чыгаруучу органга депутат болуп отурат! Кандай адилеттүү жана өлкөнүн прогрессивдүү өнүгүүсү тууралуу сөз кыла алабыз же дагы жөн эле кыял боюнча калабы? Саясий куугунтук күч алууда!” – деп жазды Карамушкина социалдык тармактардагы баракчасына.

Белгилей кетсек, бюллетендерди кол менен саноонун жыйынтыгында Элмурза Сатыбалдиев Өзгөн районунда 72,71% добуш алган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru