народный

Сауд Арабиядан келгендер кайсы облустан экендиги белгилүү болду

Сауд Арабиядан келген кыргыз жарандары кайсы облустан болгонун Республикалык штаб маалымдады.

Маалыматка ылайык, 12-мартта кичи ажылыктан келгендердин ичинен Баткен облусунан – 8, Жалал-Абад облусунан – 48, Ош облусунан – 63, Чүй облусунан – 4, Нарын облусунан – 1, Бишкектен – 19, Ысык-Көл облусунан 1 адам болгон.

Жалпы жонунан 144 адам Сауд Арабиядан кичи ажылыктан келишкен. Алардын 142си обсервацияга жаткырылган. Эки жаран Кыргызстандан Өзбекстанга чыгып кеткендиги маалым болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru