Сауд Арабиясында калган 3 кыргыз жараны ден соолугуна байланыштуу өлкөгө келе албайт

Буга чейин Сауд Арабиясында калган 3 кыргыз жараны ден соолугуна байланыштуу өлкөгө келе албагандыгы маалымдалган. Алар дагы деле дарылануусун Сауд Арабиясында улантып жатышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кыргыз жарандары учурда дарыланып жатышат. Аларда коронавирустун симптомдору жок”, – деди министр.

Эске салсак, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын, Сузак районунда 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ал эми бүгүн, 20-мартта дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru