Саясат кызыды: Министрлер аянтта дарга асылган жипти карап ант береби?

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Садиков министрлер кабинетинин төрагасы менен мүчөлөрүн аянтка чыгып дарга асылган жиптин алдында ант берүүнү сунуштап өттү.

Эл өкүлү министрлер анттын ыйыктыгынан коркпой калгандыктан, дал ушундай кадамга баруу керек деп билет.

«Буйруса, бир аз убакыттан кийин ишиңиздерди ант берүү менен баштайсыздар. Ант берүү — касам ичүү, эр жигиттин башын сайганы деп түшүнөм. Биз 30 премьер-министр, жүздөгөн министрлердин касам ичип келгенин көрдүк, бирөөнүн дагы башы калган жок ушул жерде. Аз жегенин аш болсун деп, көп жегенин бир аз кустуруп жөнөттүк. Анттын ыйык экенин сезбесеңиздер, анда эмнеге ант бересиңер? Андай болсо аянтка чыгыңыздар, ошол жерге дарды коюп, эки метр жипти тиктеп туруп ант берип көрүңүздөрчү. Акылбек Үсөнбекович, артыңызда канча адам калганын ошондо көрөт элек», — деп кайрылды Садиков.

Ошондой эле ал кыргызда «көр чуңкурга бир жолу түшөт» деген жакшы макал бар экенин айтып, бирок Кыргызстан 30 жылда 30 жолу чуңкурга түшкөнүн белгиледи. Мындан улам жаңы келген министрлер кабинети дагы кай тарапка жетелеп бара жатканы белгисиз болуп жатканын сөз кылды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru