Саясатчы ачкачылык жарыялады

Оппозициялык “Дашнакцутюн” партиясынын өкүлү, “Еркир Медиа” телеканалынын маалыматтык-аналитикалык кызматынын директору Гегам Манукян Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, мөөнөтсүз ачкачылык  жарыялады.

“Мен, Никол Пашиняндын кызматтан мөөнөтсүз кетиши талап кылып, ачкачылык жарыялайм”, – деп келтирет РИА Новости.

Ал “өкмөттүн жана премьер-министрдин орто жана деструктивдүү саясатынын айынан армян эли өз мекенинин бир бөлүгүнөн айрылды” деп эсептейт. Анын айтымында, азыркы бийлик өлкөдөгү  көйгөйлөрдү чече албайт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Карабак маселесинде мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарга жетише албайт.

10-ноябрда Россия, Азербайжан жана Армениянын лидерлери Владимир Путин, Ильхам Алиев жана Никол Пашинян Тоолуу Карабакта согуш аракеттерин толугу менен токтотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru