Сербиянын президенти COVID-19га каршы Кытайдын вакцинасы менен эмделет

Сербиянын президенти Александр Вучич коронавируска каршы кытайлык Sinopharm вакцинасы менен эмделе тургандыгын жарыялады. Бул тууралуу “Коммерсант” жазып чыкты.

Өткөн жылдын август айында ал сербиялык адистер Sputnik V вакцинасынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн тастыкташса, анда ал орусиялык вакцина менен эмделе турганын айткан. Сербия Sputnik Vны колдонууга декабрь айында уруксат берген.

“Бүгүн (6-апрелде) мен Sinopharm вакцинасы менен эмделем”, – деди Вучич Сербиянын Pink телеканалында.

Ал Рудна-Глава айылына жумушчу сапар менен барган учурда эмделет.

Сербияда COVID-19 оорусунун саны 621 миңден ашты, 5,4 миңден ашуун адам вирустан каза болду.

2021-жылдын январынан тарта Сербия Sputnik V вакцинасын эмдөө үчүн колдоно баштады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.