Шахтадагы кырсык: Өлдү деп эсептелген адам тирүү табылды

Орусиянын Кемерово облусундагы “Листвяжная” шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен каза болду деп эсептелген адам тирүү табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тирүү табылган адам куткаруу взводунун командиринин жардамчысы Александр Заковряшин болгон. Ал шахтада түнөп, таңга жуук өз алдынча чыгууга аракет кылган. Заковряшиндин абалы оор, азыр ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Кечээ, 25-ноябрда Кемерово облусундагы “Листвяжная” шахтасынан өрт чыгып, 52 адам каза болгондугу кабарланган. Алардын бири Заковряшин. Ал тургай Заковряшин өлдү делинип “Эрдик” ордени менен сыйланган.

Шахтадагы метандын концентрациясы жогорулап жаткандыгына байланыштуу издөө иштери таңга маал токтотулган. Аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru