Шаирбек Ташиев өзү тууралуу «серый кардинал болуп, кадрларды чечип жатат»-деген сөздөргө жооп берди

Бул тууралуу Шаирбек Ташиев «коом press» сайтына билдирди:

«Учурда мен жөнүндө интернетте  Шаирбек Ташиев Жалал-Абаддын серый кардиналы болуп, баардык маселени чечип атат деген сөздөр тынымсыз айтылууда. Ызы-чуу башталып, бийлик алмашкандан бери мындай кептер аябай көбөйдү.  Мен актанып атканым жок. Болгону айтаарым, керек болсо кароолчуну алмаштырууга дагы аралашкан жокмун. Башкаларын айтпай эле коёюн.  Учурда каттуу ооруп ооруканада жатам. Анан кантип кадрдык иштерди чечмек элем. Кадрдык иштерди чече турган адамдар бар, мен кийлигишпейм. Шаардык кеңештин депутаты элем, аны да тапшырып бергем. Билбейм, мындай сөздү чыгарып кимдер упай топтоп жатышат»-дейт ал. 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru