Шайлдабекова Садыр Жапаровдун милдеттери боюнча суроого жооп берди

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңеш мурдагы президент Сооробай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды.

Жыйындан кийин журналисттердин суроосуна жооп берген Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова азыркы тапта президенттин милдетин аткарып жаткан адам алдыда боло турчу президенттик шайлоого катыша албастыгын билдирди.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев баш тарткандыгына байланыштуу Садыр Жапаров азыркы тапта президенттин да, премьер-министрдин да милдетин аткарууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.