Шайлдабекова: Таблицанын катасы үчүн кечирим сурайм

АСУда колдонуп жаткан технология так иштейт. Бул туурасында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди

“Кечээки расмий сайтка чыккан таблицанын катасы үчүн кечирим сурайм. Бирок АСУда колдонуп жаткан технология так иштейт. Буга мен кепилдик берем. Азыркы учурда биздин система так иштеп жатат. Ошондой эле бул алдын ала маалыматтар деп эсептелинет. Юридикалык мааниге ээ эмес деген мыйзамда норма бар. Баардык шайлоонун натыйжалары ар бир участка боюнча, ар бир округ боюнча жана республика боюнча кол менен саноонун жыйынтыктары боюнча чыгарылат.”-дейт Шайлдабекова

Бүгүн, 29-ноябрда шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиянын лидерлери, өкүлдөрү БШКнын алдына митингге чыгышты. Алар мыйзамды одоно бузуу болгонун айтышат.

Нааразы болгондор шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru